Өзбекстан эреже бузган жок! Өкмөт Дейрес айылына жакын жердеги кырдаал тууралуу

© Sputnik / Эмиль СадыровПограничная застава "Энильчек" Ак-Суйского района Иссык-Кульской области
Пограничная застава Энильчек Ак-Суйского района Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан тараптан пландаштырылып жаткан инженердик жумуштар, келишимге ылайык, кошуна өлкөнүн аймагында 10 метрден 30 метрге чейин жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга түшүндүрмө берди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аксынын Авлетим айыл аймагынын Дейрес айылынын тургундары Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арага жакын жерге инженердик курулмаларды орнотуп жатканын маалымдап, тынчсызданышкан.

"Бул участок Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимине ылайык, делимитация процедурасынан өткөн. Буга байланыштуу аймактагы инженердик иштердин аткарылышы Кыргызстандын бүтүндүгүн бузууга жатпайт", — дешти өкмөттөн.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер Максат Мамыткановду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Өзбекстан тараптан пландаштырылып жаткан инженердик жумуштар, келишимге ылайык, кошуна өлкөнүн аймагында 10 метрден 30 метрге чейин жүргүзүлөт.

Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биргеликте 2-декабрда Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Дейрес айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, кырдаал боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүшкөн.

Калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштери мындан ары дагы туруктуу жүргүзүлүп турары, учурда айылда абал туруктуу экени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0