Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
1-декабрга караган түнү өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрь күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2…7, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарында -2…+3 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…-2, Ош шаарында 5…7 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0