Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктардын тизмеси

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6 пайызга жогорулады.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майы бир топ кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Негизи эле былтыркы жылга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулаган.

Баасы көтөрүлгөн азык-түлүктөр:

  • сарымсак — 1,6 эсеге;
  • кумшекер — 27,4 пайызга;
  • өсүмдүк майы — 25 пайызга;
  • жаңы бышкан жемиштер — 16,9 пайызга;
  • гречка акшагы — 16 пайызга;
  • эт — 15,9 пайызга;
  • ун — 15,6 пайызга;
  • картошка — 15,1 пайызга;
  • макарон азыктары — 15 пайызга;
  • жумуртка — 7,1 пайызга;
  • бал — 5,8 пайызга;
  • алкоголсуз суусундуктар — 5,3 пайызга;
  • күрүч — 4 пайызга.

Анткен менен баасы арзандаган азыктар дагы бар. Мисалы, айрым сүт азыктары, жер-жемиштер, балык жана таруунун баасы төмөндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0