Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
25-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-Ноя. — Sputnik. 25-ноябрь, шаршембиде, бардык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Нарын, Таласта -1...+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +1...+6 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан, кар жаабайт. Күндүн табы Ош шаарында +3...+5, борбор калаада +1...+3 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0