Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековНаступление холодов в Бишкеке
Наступление холодов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-ноябрга караган түнү жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 23-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз кээ бир райондордо кар жаап, туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2 градуска чейин көтөрүлсө, Талас, Нарын аймактарында 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында -1...+4 градусту көрсөтүп турат.

Ош шаарында күн ачык болуп +1...+3 градуска жетсе, борбор калаада түшкө чейин жаан-чачын болушу ыктымал, абанын температурасы 0...+2 градуска чейин жетери болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0