Күн дагы сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступление холодов в Бишкеке
Наступление холодов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта аягына чейин аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 19-21-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратуу менен кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

Кыз каар жаап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет
21-ноябрда абанын температурасы бир топ төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болот.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, чыгышында -6…-11° суук, күндүз -2…+3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0