Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
19-ноябрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 19-ноябрь, бейшембиде, көпчүлүк аймактарга мезгил-мезгили менен кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө -3...-8, Талас аймагында - 6...-11, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында 0...-5 градус суук, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө -2...+3кө чейин жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаап, Ошто -1...-3, борбор калаада -6...-8 градус суук болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0