Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-ноябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-нояб. — Sputnik. Дүйшөмбү, 16-ноябрда, күндүз Чүй, Талас облусунун кээ бир аймактарында жана Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ал эми республиканын калган жерлеринде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас өрөөнүндө -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл жергесинде +2...+7, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градус болору айтылды.

Ал эми борбор калаада түштөн кийин кар жаашы мүмкүн. Термометр Бишкекте +1...+3, ал эми Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0