Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүКар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиге караган түнү кээ бир райондордо жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көлдө жаан-чачын жаабайт.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 14-ноябрь, ишембиде, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +3...+8, Нарын жергесинде +2...+7 градус болору айтылды.

Бишкек менен Ош калаасында жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борборубузда +3...+5, Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0