Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГраффити в Москве
Граффити в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-ноябрга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Эртең, 13-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас аймактарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл жана Нарында +3…+8 градус болот.

Аба ырайы бузулат. Инспекторлор айдоочулар менен жөө адамдарга кайрылды

Борбордо жана Ош шаарында күндүз жаан жаап, карга айланышы болжолдонду. Термометр Бишкекте +3...+5, Ош шаарында +8...+10 градусту көрсөтүп турат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0