Өлкөдө 1 489 мектептин окуучулары барып-келип окумай болду. Тизме

Жазылуу
Азырынча мектепке барып окууга 1-5-9-11-класстардын окуучуларына уруксат берилген. Калган класстардын окуучулары онлайн тартипте билим алып турушат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 11-ноябрдан тарта өлкө боюнча 1 489 мектептин окуучулары барып-келип окуй баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Реалдуу режимде окуу баштала турган мектептер:

  • Нарын облусу – 142;
  • Жалал-Абад облусу – 220;
  • Баткен облусу – 177;
  • Ош облусу – 434;
  • Ысык-Көл облусу – 160;
  • Талас облусу – 77;
  • Чүй облусу – 279.
"Балдар барып-келип окуган мектептерде эки жума бою мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттыкты сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет", — деп айтылат маалыматта.

Сурабалдиева: пайдасы жок хлор сатып алууга тыюу салдым

Азырынча реалдуу режимде окууга 1-5-9-11-класстардын окуучуларына уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0