Статком өлкөдө канча театр, кинотеатр, маданий эс алуу жайы бар экенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ фильма "Ата" в кинотеатре "Манас" в Бишкеке
Показ фильма Ата в кинотеатре Манас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият жана искусство чөйрөсүндө 12 миңге жакын кызматкер эмгектенсе, алардын 59 пайызы аялдар экени белгиленди.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет өлкөдөгү маданий жайлардын санын жарыялап, канчасы азыркы убакта иштеп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-ноябрь, маданият жана искусство кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Билдирмеге ылайык, азыркы тапта өлкөдө 20 театр иштейт. Анын ичинен сегизи Бишкекте, үчөө Жалал-Абадда, сегизи Ош шаарында. Мындан сырткары, Нарында экөө, Баткен жана Ысык-Көл облустарында бирден театр жайгашкан.

Кыргызстанда учурда кинотеатрлардын 45и иштей турганы маалым болду.

Аларда 2019-жылы 147 миң сеанс көрсөтүлүп, 2,3 миллион көрүүчү келген. Кинотеатрлардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда.

"2019-жылы өлкө аймагында 710 клуб тибиндеги маданий мекемелер иштеген. Алардын 92 пайызы айыл жергесинде жайгашкан. Бул маданий мекемелердин ичине филармония да кирет. Кыргызстанда тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий болуп 67 музей бар. Былтыр көрүүчүлөргө 326 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталган", — деп айтылат маалыматта.

Маданият жана искусство чөйрөсүндө 12 миңге жакын кызматкер эмгектенсе, алардын 59 пайызы аялдар экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0