Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПроблема со смогом над Бишкеком
Проблема со смогом над Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондоруна кар түшөт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ишемби күнү, 24-октябрда, күндүз республиканын өрөөндөрүндө жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Талас облусунда жаан-чачын жаабай турганы айтылды. Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жамгыр карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда түндөн бери кар жаап жатат. Видео

Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +1...+6 градус болот.

Абанын температурасы борборубуз Бишкекте +9...+11 жана Ош шаарында +15...+17 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0