Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
12-октябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жамгыр, кар жаайт. Ал эми Чүй, Талас, Баткен жана Нарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 12-октябрда, күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Октябрда көп күнгө созулган магниттик бороон болору айтылды

Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +8...+13 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +15...+17, Ошто +16...+18 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0