Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүзгү талаа. Архив
Күзгү талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-октябрга караган түнү тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү, 11-октябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында +10...+15 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө +8...+13 градусту көрсөтүп турат.

Бишкек шаарында күн ачык болуп +13...+18 градуска жетсе, Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, +16...+18 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0