Жумага карата аба ырайы

© AFP / SVEN GRUNDMANNКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-октябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жаан, кар жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Ысык-Көлдө жана Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жамгыр жаабайт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жума күнү, 9-октябрда, күндүз кээ бир өрөөндөрдө жаан, тоо этектеринде жамгыр, кар, тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +11...+13 жана Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0