Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 7-октябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка региондорунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Талас жергесинде +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын аймагында +9...+14 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +17...+19 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0