Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча жаратылыш паркы. Архив
Ала-Арча жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 6-октябрда, өлкөдө эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Ал эми тоолуу жерлерге кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Нарында +7...+12, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл жергесинде +6...+11 градус болору болжолдонууда.

Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаабыз Бишкекте +9...+11 жана Ош шаарында +16...+18 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0