Кар жаап, күн сууктайт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер алдыдагы аптада мезгил-мезгили менен жаан жаап, жума соңунда абанын температурасы төмөндөй турганын эскертти.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 5-6-октябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 6-октябрда күндүз жана 7-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бирок күндүз жана 8-октябрда кайрадан күн ачылат.

Чүй, Талас облустары

Дүйшөмбүдө асманды ала булут каптап турат, ал эми шейшемби күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт. Шаршембиде Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, Таластын тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз Чүйдүн тоолуу жерлеринде кар, дыйканчылык аймактарында жана Таласта жаан-чачын болбойт,
бейшембиде күн ачык болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда күндүн көзү бузулбайт. Күндүз жана 6-октябрда түнкүсүн асманды ала булут каптап турат.
Ал эми 6-октябрда күндүз жана 7-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

7-октябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Жалал-Абад облусунун кээ бир жерлеринде жамгыр, тоолоруна кар жаайт.
8-октябрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Калган жактарда күн ачык болот.

Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы

Ысык-Көл облусу

5-октябрда кээ бир жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 6-октябрда түнкүсүн ала булут каптап турат, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

7-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. 8-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жааса, күндүз күндүн көзү ачылат.

Нарын облусу

Теңир-Тоодо 5-октябрь күнү жаан-чачын болбойт.

Бирок 6-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

7-октябрда кээ бир райондордо жаан жааса, 8-октябрда күн ачылат.

Синоптиктер 9-10-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын айтышууда. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0