Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер кийинки жума жаанчыл болорун болжоп, көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолорго кар жаай турганын билдирди.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Бишкек шаары

Дүйшөмбү күнү бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Шейшембиде күн ачык болот. Бирок шаршембиде күндүн көзү бузулуп жамгыр себелейт, кайра бейшембиде жаан токтой турганы айтылды.

Чүй, Талас облустары

28-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал, Талас облусунда күн ачык болот. Күндүзү Чүй облусундагы кээ бир аймактарга, Талас облусунда тоо этектерине жаан жаайт. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот.

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр төгүп, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Күндүзү тоолорго кар түшүшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда аба ырайы бузулбайт. 

30-сентябрда жана 1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

28-сентябрь күнү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши божомолдонду.

Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу аймактарына кар жаайт. Өрөөндөрдө күн ачык болот.

29-30-сентябрда жана 1-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

28-сентябрда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин облустун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жамгыр, тоолорго кар жаайт.

Ал эми Чолпон-Ата менен Каракол шаарларында 28-сентябрда күн ачык болот, 29-сентябрда түндөсү жамгыр жаап, күндүзү токтойт.

30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрү жамгыр себелейт. 

Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда

Нарын облусу

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүзү жана 29-сентябрда айрым жерлерде жаайт.

30-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда кээ бир райондорго жамгыр, тоолорго кар жаайт.

Апта аягы 2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт.

3-октябрда кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0