Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда кыска убакытка жамгыр жаап өтүшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жекшемби, 27-сентябрда, республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Нарын өрөөндөрүндө +15...+20, Талас, Ысык-Көлдө +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25 градус жылуу болот.

Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

Борбор калаада кыска убакытка жамгыр жаап, күндүн табы +18...+20га көтөрүлсө, Ош шаарында күн ачык болуп термометр +23...+25 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0