Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл менен Нарында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр, кар, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +24...+26 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0