Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / PixabayДождливая погода
Дождливая погода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-сентябрда түнкүсүн облустарда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 19-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо жаан, кар жаап, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт. Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Түндө Таласта кар жаады. Видео

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Таласта +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +12...+17 градус болот.

Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борборубузда +20...+22, Ошто +23...+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0