Суук болот! Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумага караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жума күнү, 18-сентябрда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас жергесинде +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл менен Нарында +12...+17 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында да мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борборубузда +17...+19, Ошто +21...+23 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0