Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖол жээгиндеги дарак. Архив
Жол жээгиндеги дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер 16-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. 16-сентябрь, шаршембиде, күндүз республикада жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын жергесинде +20…+25 градуска жетет.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош калаасында +31...+33 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0