Жекшембиге карата аба ырайы

© AFP / YURI KADOBNOVДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-сентябрга караган түнү Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Республиканын башка аймактарында жамгыр жаабайт.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 13-сентябрь, жекшембиде, айрым аймактарда өткүн өтүп, тоолорго кар жаашы мүмкүн. Калган көпчүлүк өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23...+28, Таласта +22...+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27...+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, ал эми Нарында +19...+24 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +26...+28, Ошто +29...+31 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0