Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
12-сентябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым аймактарында жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 11-сентябрда, күндүз облустарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Жер планетасына дагы бир астероид жакындап келе жатат

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад облустарында +25...+30, Баткенде +26...+31, Ысык-Көл аймагында +19...+24, Нарын жергесинде +20…+25 градус болот.

Бул күнү Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ошто күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда +22...+24, Ош калаасында +27...+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0