Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча капчыгайындагы дарыя. Архив
Ала-Арча капчыгайындагы дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү, 10-сентябрда, күндүз Баткен облусунан башка өрөөндөрдүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +20…+25 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +30...+32 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0