Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-сентябрга караган түнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 9-сентябрда, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күздүн илеби билинип... Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын аймагында +20…+25 градус болору айтылды. Термометр Бишкекте +24...+26, Ошто +29...+31 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0