Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-сентябрда республикада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү, 6-сентябрда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо жамгыр карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жаанчыл болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй жергесинде +21…+26, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын аймагында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Бишкекте күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ошто күн ачык болот. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +23...+25, Ошто +27...+29 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0