Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

© Sputnik / Сергей Симов / Медиабанкка өтүүРесторан. Архив
Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статком 2016-2020-жылдар аралыгында ачылган ресторандардын санын жарыялады. Эң кеминде алар жыл сайын 300дөн кошулуп турган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы жылдары ачылган ресторандар менен тойканалардын саны 1,5 миңге көбөйгөндүгү Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2016-2020-жылдар аралыгында мейманканалардын саны өлкөдө 4 744төн 6 248ге чейин жогорулаган. Ал эми жыл сайын мындай жайлардын саны 326-420дан кошулуп турган.

Ресторандар категориясына кафе же тамактануучу жайлардын кирер-кирбеси так айтылган эмес.

Ар бир үчүнчү ресторан жабылуу коркунучунда. Коомдук тамактануу жайларынын абалы

Аймактар боюнча маалымат (жыл башына карата):

  • Баткен облусу — 686 (2016-жылга карата 331ге көбөйгөн);
  • Жалал-Абад облусу — 671 (350гө өскөн);
  • Ысык-Көл облусу — 638 (102ге көбөйгөн);
  • Нарын облусу — 170 (36га көбөйгөн);
  • Ош облусу — 675 (83кө көбөйгөн);
  • Талас облусу — 226 (32ге көбөйгөн);
  • Чүй облусу — 863 (177ге көбөйгөн)
  • Бишкек шаары — 2 078 (375ке көбөйгөн);
  • Ош шаары — 241 (18ге көбөйгөн).
Жаңылыктар түрмөгү
0