Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровТоо этегиндеги айыл. Архив
Тоо этегиндеги айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер 5-сентябрда түнкүсүн жамгыр жаабай турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 5-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Ысык-Көлдө өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Калган облустардын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас өрөөнүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад облустарында +26…+31, Баткенде +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +19...+24, ал эми Нарында +20…+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +27...+29, Ошто +26...+28 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0