Кыргызстандыктардын канча пайызы мобилдик интернет колдонот

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Шанхай
Города мира. Шанхай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш курагы боюнча айта турган болсок, интернеттин активдүү колдонуучулары (82 пайызы) 15-28 жаштагы жарандар. Ал эми жогорку билими бар адамдардын 81 пайызы интернетсиз жашабайт.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Учурда кыргызстандыктардын 99 пайызы мобилдик интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Булардын ичинен 70 пайызы жогорку сапаттуу 4G интернетти пайдаланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Боронов: өлкө боюнча 65 616 окуучуда смартфон жок экени аныкталды

Жаш курагы боюнча айта турган болсок, интернеттин активдүү колдонуучулары (82 пайызы) 15-28 жаштагы жарандар. Ал эми жогорку билими бар адамдардын 81 пайызы интернетсиз жашабайт.

Баса, Кыргызстанда дээрлик бардык мектептер (99 пайыз) дүйнөлүк желеге туташканын өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирген. Анын айтымында, өлкө боюнча 22 мектепте гана интернет жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0