Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсень в Омской области
Осень в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-сентябрда түнкүсүн республиканын айрым райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жума күнү, 4-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео

Термометрдин көрсөткүчү Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +23…+28, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27…+32, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын аймагында +19…+24 градуска жетет.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +28...+30, Ошто +30...+32 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0