Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүү 150-летие Единения теленгитов с Россией
 150-летие Единения теленгитов с Россией  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас өрөөнүндө +21…+26, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +24…+29, ал эми Ысык-Көл менен Нарын аймагында +14…+19 градус болору болжолдонду.

Бишкек, Ош шаарларында эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +26...+28 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0