Шаршембиге карата аба ырайы

© REUTERS / ANDREW COULDRIDGEЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-сентябрда түнкүсүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Калган жерлерде жамгыр жаайт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 2-сентябрда, кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Талас менен Нарын аймагында +25…+30, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +29…+31, ал эми Ысык-Көлдө +22…+27 градус болот.

Борбор калаада түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометр Бишкекте +29...+31, Ошто +32...+34, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0