Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусундагы айыл. Архив
Баткен облусундагы айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жума күнү, 28-августта, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30 жана Нарын жергесинде +19...+24 градуска жетет.

Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ошто +28...+30, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0