Бир суткада 225 киши коронавирусту жеңип, кайра 186 жаран жуктуруп алды

© AP Photo / Vladimir VoroninСитуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал акыркы жума ичинде оң динамиканы көрсөтүп турганын билдирген.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кечээ Кыргызстанда 225 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, 186 кишинин вирусту жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19: акыркы суткада бир киши ооруну жеңе алган жок

Сакайып чыккандарды аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, жагдай төмөнкүчө:

  • Бишкек – 75;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 45;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 25;
  • Баткен облусу – 9.

Ал эми жаңы жуктуруп алгандар бул райондордо катталды:

  • Бишкек – 51;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 25;
  • Талас облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 36;
  • Баткен облусу – 16.

Республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 36 056 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 42 889 жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0