Тоолуу жерлерде кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Узап бараткан апта дагы жаан-чачындуу болду. Алдыдагы жумада жаан токтобой, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгү айтылды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Билдирмеге ылайык, бул жума дагы айрым аймактарда жаан-чачын токтобойт.

Бишкекте 18-август күнү күндүз жана 19-августта түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Калган убактарда күн ачык болот.

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында жуманын ортосуна чейин жаан жааса, 19-20-августта Оштун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ысык-Көлдө дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү кээ бир аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөй турганы айтылды. Шаршемби жана шейшемби күндөрү бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео

Нарында жуманын алгачкы эки күнүндө айрым аймактарда өткүн өтсө, андан кийинки үч күн дагы жаан-чачын менен коштолуп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жатканы айтылды.

Ал эми 21-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-августта күндүз жана 22-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0