Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭгин талаа. Архив
Эгин талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0