Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт

© REUTERS / Muhammad HamedВойна в Ираке
Война в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук чараларын сактап арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 13-14-август күндөрү өлкө аймагы боюнча туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыктан тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Коопсуздук чараларын сактап арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Кочкор менен Жумгалда жер титиреди

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС-билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0