Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
12-августта өлкөнүн айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Эртең, шаршемби күнү, республиканын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору маалымдалды.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +20...+22 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0