Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер 11-августта түнкүсүн республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүндүгүн маалымдашты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү, 11-августта, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте жана Ошто +33...+35 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +21...+23 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0