КРдин мурунку жарандары менен алардын балдарына өзгөчө укуктар берилди. Жаңы мыйзам

Жазылуу
Мыйзамдын максаты — мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укугу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда

"Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген түшүнүк киргизилүүдө, башкача айтканда, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар "мекендеш" макамын алууга укуктуу. Ал төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

  • мурда КР граждандыгында турган чет өлкөлүктүн балдары же неберелерине;
  • мурда КР жараны болбой, кийин жарандык алган адамдардын балдарына жана неберелерине;
  • Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине;

Баса, мекендеш макамы Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылбайт.

Мекендеш макамындагы жарандарга берилчү артыкчылыктар:

  • чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер визасыз эле өлкөгө кире алат;
  • эмгек визасын, жумушка уруксат албастан ишканаларда, мекеме-уюмдарда иштөөгө же башка эмгектин түрү менен алектенүүгө укуктуу;
  • мыйзамдарда каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн КР граждандары менен бирдей шарттарына укуктуу;
  • эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу пайда болгон учурдан тартып он жылдын ичинде аны КР жаранына берүүгө милдеттүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0