Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келе жаткан аптада өлкөнүн көп бөлүгү жаан-чачындуу болуп, кээ бир жерде катуу жаагандыктан сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, жуманын баш жагында нөшөрлүү жаан-чачын көп болуп, сел жүрүү коркунучтары жаралат. Андан кийинки күндөрү дагы жаан токтобойт.

Бишкекте 9-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 13-август күнү күндүз жаан жаашы мүмкүн. Калган күндөрү күн ачык болот. 9-13-август күндөрү Чүй жана Талас облустарында мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде катуу жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ушул эле күндөрү Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ал эми Ысык-Көлдө дагы келерки жумада жаан жаайт.

Ошондой эле Нарын облусунда күндүн көзү ачылбай, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0