Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп жүргөн кыз. Архив
Паркта сейилдеп жүргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-август ишемби күнү Ысык-Көлдүн айрым аймактарында өткүн өтөт. Ал эми эс алуучулар көп барган Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ишемби, 8-августта күн ачык болсо, жекшемби, 9-августта жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

8-август, ишемби күнү, Ысык-Көлдүн айрым аймактарында өткүн өтөт. Ал эми Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында аба ырайы бузулбайт. Бул күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Таласта да жамгыр жаабайт.

Ал эми 9-августта күндүн көзү бузулуп дээрлик бардык аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт.

Анткен менен абанын температурасы жогору болуп, Бишкекте 35...37 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чолпон-Ата шаарларында 22...24 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0