Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык өрөөндөрүндө жана республиканын башка облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эртең, 4-августта күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарын жергесинде +22…+27 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада күндүн табы +32...+37, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +20...+22 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0