Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / JUAN MABROMATAКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-августта айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Эртең, 3-августта, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр төгүп, күн күркүрөйт. Баткен жана башка облустарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда күндүн көзү бузулат. Республиканын башка аймактарында ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 , Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарын жергесинде +21…+26 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада күндүн табы +31...+33, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +20...+22 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0