Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Ош, Бишкек шаарларында абанын температурасы +34...+36 градуска чейин ысышы ыктымал. Ал эми Чолпон-Ата, Каракол шаарларында бул апта жаанчыл болору божомолдонду.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, апта ичи көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Анткен менен Ош, Бишкек шаарларында абанын температурасы +34...+36 градуска чейин ысышы ыктымал. Ал эми Чолпон-Ата, Каракол шаарларында бул апта жаанчыл болору божомолдонду.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

26-июлда Чүй, Таласта күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун кээ бир жерлерине жана Нарын, Ысык-Көлдө да күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн.

27-июлдан 1-августка чейин өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлүүдө. Аба ырайы бир ачылып, бир бүркөлүп улам өзгөрүп турары айтылды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0