Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Ош жана Баткен облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 24-июлда республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +27…+32, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +33…+38 , Ысык-Көлдө +24…+29 жана Нарын жергесинде +23…+28 градус жылуу болору айтылды.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы баш калаада +30…+32, Ош шаарында +35…+37 градуска дейре жетсе, Чолпон-Атада күндүн табы +24…+26 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0